БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кадамжайда бир үй-бүлө ууланып калгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү атасы, апасы жана үч баласы менен бир үй-бүлө ооруканага түшкөн.
"Үй ээси 21-май күнү тойдон эт алып келип, кечинде үй-бүлөсү менен жеген. Эртеси баарынын ичи ооруп, дарыгерлерге кайрылышкан", — деп жазылат маалыматта.
Уулангандарга тиешелүү жардам көрсөтүлүп, абалдары турукташып калды.