Үңүлүп атайын карабагандыктан, алардын кантип, кайда учуп жүргөнүнө деле маани бербейт эмеспизби. Бул ирет Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн алардын өң-түсүн, кебете-кешпирин, ал тургай көздөрүн даана көрө аласыз.
Sputnik Кыргызстандын фотографы Табылды Кадырбеков курт-кумурскалар менен чымын-чиркейлерди сиз эрикпей барактап көрө тургандай кылып тартып келди.

Кыргызстанда "кичинекей бишкектиктер" майдын аягынан тарта жанданып баштайт

Кумурска – эмгекчилдиктин, темирдей тартиптин символу. Алар 100 миллион жылдан бери "кумурскадай эмгектенип" жашап келет. Исландия, Гренландия жана Антарктидадан башка дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө бар

Тааныдыңызбы, бул кадимки эле көпөлөктүн сизди карап турганы. Эч качан мынчалык жакын тиктеп көргөн эмес чыгарсыз, ээ? Бул макулуктардын дүйнө боюнча 165 миңге жакын түрү бар. Алардын көбү — шайтан көпөлөктөр

Бул жаныбардын адамга зыяны деле жок, анткен менен сасык деп мурун чүйрүп калат эмеспизби

Май саратаны Кызыл китепке киргизилген. Чөп, жалбырак, гүл жана бактан сарыгып чыккан суу менен азыктанат. Анын айыл чарбасына да кымындай зыяны жок. Бала кезде көң жыйнагандар бул жаныбарды жакшы билет

Курт-кумурскалар — планетадагы эң байыркы макулуктар. Окумуштуулардын пикиринде, Жерде алар мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгон

Бүгүнкү күндө жер жүзүндө миллион, миллиард эмес, 10 квадриллионго жакын кумурска жашайт

Эл кайда көчөт, эл кайда көчөт?! Көчөт кезди эске салган бул сонун жандыктын кымындай да зыяны жок. Дегеле, аны жаман көргөн жан жок болуш керек

Зыңылдаган чиркей. Жай айында өзүнөн бир канча эсе чоң адамзатын чыркыраткан жаныбар. Буларда белок, минералдар, витамин, көмүртектер абдан көп. Ошон үчүн алар көптөрдүн артынан сая түшүп, чагып, тытынтып тырматса керек

Бул жаныбарды көргөндө денеси жыйрылбаган адамдар аз болсо керек. Окумуштуулар жөргөмүштөр мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгондугун айтышат. Ал азыр алардын 40 миңден ашуун түрү бар экен

Эмгекчил, тартиптүү, катылгандын катыгын берген аары. Кээде өзүнөн миллион эсе кичинекей бул жаныбардан чоң эле кишилердин тызылдап качып баратканын көрүп, аргасыздан жылмаясың

Бул жаныбардын денесинин аяк жагында сасык жытуу суюктук жайгашкан. Коркунуч жаралганда коргонуу үчүн "аңкыган" массаны бөлүп чыгара салат