БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Ата районунун Хунчи айылында унаа бакты сүзүп, айдоочусу ошол жерде мүрт кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылыйык, кырсыкка аталган айылдагы айланма жолдун 21-чакырымында бара жаткан Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаа кабылган. Анын сөөгү ӨКМдин куткаруучулары тарабынан чыгарылган.