00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Жылдыз Мусабекова интернетке жарыяланган аудио боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Жылдыз Мусабекованын архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Жылдыз Мусабекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда эл өкүлү Жылдыз Мусабекова менен Үпөл Анаркулова аттуу журналисттин телефондук сүйлөшүүсү делген аудио тарады.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова интернетке тараган аудио монтаждалып чыгарылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, учурда социалдык тармактарда эл өкүлү Мусабекова менен Үпөл Анаркулова аттуу журналисттин телефондук сүйлөшүүсү делген аудио тарады. Анда эл өкүлү журналистке карата орой сөздөрдү айткан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча рейтингде артка чегинди
"Азыр техниканын өнүккөн заманы, өзүнө керектүү жерлерди алып, айрым жерлерин кошуп жасашыптыр. Керек болсо дүйнө лидерлери Путиндин, Трамптын деле сүйлөгөндөрүн жасап коюп жатпайбы. Негизи журналист бир маалыматты жазып жатканда анын логикалык жагын карап, чын-бышыгын тактап, бардык тараптын пикирин бериш керек да", — деди депутат.

Мусабекова "Алиби" гезити өткөн сандарынын бирине жергиликтүү тургун аны "Тоң районунун акимин коргойт жана андан 10 миң доллар пара алган" деп айткандарын чыгарганын баса белгилеп, бул боюнча сотко кайрылганын кошумчалады.

"Эки миң сом пара алды деп эле азыр каматып коюп жатышпайбы, 10 миң доллар пара алды деген бул чоң жалаа. Мен бул боюнча сотко кайрылдым. Сөз сыйлаган, адамдын кадырын сыйлагандар мени туура эле кылдыңыз деген пикирлерин айтышууда", — деди эл өкүлү.

Мусабекова сөз болуп жаткан Тоң районунун акими Улан Эсенгул уулу райондун жетекчиси болуп 2015-жылдын жай айында эле дайындалганын айтты. Ал ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты болуп ант бере электигин кошумчалады. Мусабекова Тоңдун акими менен Ысык-Көлгө болгон жумушчу сапары учурунда бир эле жолу жолукканын баса белгиледи.

Журналист, ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Азият Жекшеев: мени коркуткан адамдар көп эле болот, бирок жакшы "кароолчум" бар
Ал эми "Алиби" гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя гезитке 27-апрелде чыккан "Рита Исмаилова: КСДП фракциясынын депутаты айылга "крыша" деген макаладан улам башталганын айтты.

"Биздин редакцияга Рита Исмаилова аттуу жаран кайрылып, ал райондо болуп жаткан окуя боюнча өзүнүн пикирин билдирип, президентке жана башка тийиштүү органдарга гезит аркылуу кайрылган. Материал чыккандан кийин депутат Жылдыз Мусабекова чалып, түрдүү сөздөр менен коркутту", — деди ал.

Анаркулова интернетке чыккан аудио жазуу эч кандай монтаждалбаганын айтып, чынында ушундай сүйлөшүү болгонун баса белгиледи.

"Азыр ар бир чалууну уюлдук телефонго сактай турчу атайын программа бар. Депутат менен болгон сүйлөшүү да кандай болсо ошондой жазылып калган", — деди Анаркулова.

Ал өз сөзүндө жаралган окуя мыйзам чегинде чечилиши керектигин айтып, мыйзамда каралган аракеттерди көрөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0