Мусабекова Жылдыз Аманбековна. Өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жылдыз Мусабекова. Архив
Депутат Жылдыз Мусабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VI чакырылышына Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан депутат болуп шайланып келген Жылдыз Мусабекова 1975-жылы Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун "Маадабай" дыйкан чарбасында иштөө менен баштаган.

  • 1995 – 1996 — "Асаба" гезитинде кабарчы-стажер, корректор;
  • 1996 – 2001 — "Асаба" гезитинин I категориядагы кабарчысы;
  • 2001 – 2007 — "Агым" гезитинин атайын кабарчысы;
  • 2007 – 2008 — "Де факто" гезитинин баш редакторунун орун басары; 
  • 2008 – 2009 — "Айат-пресс" гезитинин башкы редактору;
  • 2009 – 2010 — "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринин баш редакторунун орун басары;
  • 2010 – 2010 — "Форум" гезитинин баш редактору;
  • 2010 – 2012 — "Айат" гезитинин башкы редактору; 
  • 2012 – 2015 — Бишкек шаарынын мэриясынын №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси. 
  • Октябрь, 2015 – КСДП саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин грамоталары менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0