БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге Өзгөндөгү адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жазылды.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү таңкы саат 06:40та Өзгөн районундагы Аюу айылында көлөмү 200 миң куб метр болгон жер көчкү жүрүп, турак жайларды жашоочулары менен кошо басып калган. Алдын ала маалыматтар боюнча көчкүнүн алдында 24 киши калган, арасында балдар дагы бар.
Путин Ош облусунда болгон каргашаны Россия терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын айтып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтарын кошумчалаган.