БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ислам тилектештик оюндарына кыргызстандык спортчулар 10-майдан тарта сапарга чыгат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Азербайжанда 12-майдан 22-майга чейин өтө турган мелдешке Кыргызстандан 50дөн ашык спортчу катышып, алар күрөш, дзюдо, бокс жана сууда сүзүү өңдүү спорттун 11 түрү боюнча ат салышат. Ата мекендик спортчулар аталган эл аралык иш-чарага 10-майдан тарта кете баштайт.
Бакудагы спорттук иш-чарага кыргызстандык спортчуларды жана расмий делегацияны катыштырууга мамлекеттик бюджеттен 4 миллион 690 миң сом бөлүндү.