БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айыл аймагындагы "Дөргө көмүр" шахтасында иштеп жаткан эки кызматкер дайынсыз болууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМден кабарлашты.
Маалыматта окуя 22-апрелде болжол менен саат 17.30дарда болгону айтылат.
"Дайынсыз болуп жаткандар саат 16.30да шахтага көмүр казганы кирип, белгисиз себептер боюнча кайра чыгышкан эмес. Аларды жер алдындагы суу чөктүрүп кетиши мүмкүн деп болжолдонууда. Издөө иштери таңкы саат 5.00гө чейин уланып, натыйжа чыккан эмес", — деп айтылат маалыматта.
Учурда издөө иштерине 15 куткаруучу тартылып, жеринде иш алып барууда.