Колумнист Абдыкерим Муратов төмөндө төө жана ага жасалган мамиле туурасында кызыктуу маалыматтарды сунуштайт.
Муну окуп мен кыргыздын элдик ишенимдери дале болсо сакталып келе жатканына абдан ыраазы болдум жана өзүмдүн "Кыргыз эл педагогикасы: элдик ишенимдер, тыйымдар жана табыркалар" деген китебиме кирген эл арасынан жана ар кыл адабияттардан жыйнаган жаныбар төө тууралуу калк ичинде айтылып, аткарылып келген эрежелерди сиздерге сунуш кылдым: Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосунда уулдуу болгондо Жакып түлөөгө "Ак сары башыл кой чалды, ай туякка бээ чалды, ай мүйүзгө уй чалды, айры өркөчкө төө чалды". Анан түш көргөндө тогуз кары бээ, токсон кары кой, ак баш инген төө, жети сыйыр союп түлөө кылып он эки уруу кыргыз гана эмес, Алтайдагы башка уруу-уруктарды да чакырат.
Кыргыздар күлүк төөнүн пирин Желмаян дешет.
Түшкө төө кирсе, жакшылыкка болголошот.
Боюнда бар аял төөнүн этин жебейт, төөнүн этин жесе, боюндагысын төө сыңары он эки ай көтөрүп калат дешет. Бул ырым казактарда да бар.
Боюнда бар аял төөнүн этин күйөөсү экөө бөлүшүп жесе, он эки ай көтөрүп калбайт, убагында төрөйт.
Боюнда бар аял төрөбөй ай-күнүнөн ашып кетсе, тик турган төөнүн астынан өткөрүшкөн.
Бут тердесе, төөнүн ысык каны менен сүртөт.
Жаза катары айыпталуучуну куйрук-жалы кыркылган комсуз төөгө мингизген.
Төрөй албай жүргөн аял төөнүн жүнүнө эчкинин кумалагын ороп жан жеринин үстүнө байлап жүрөт.
Энчиге комдолуу төө, музоолуу уй, кулундуу бээ, козулуу кой, улактуу эчки, минер унаа, мамалактуу топоз ж.б. мал-мүлк берген.
Төө тууй турган болуп калганда аны чөгөрөт.
Төө тууй турган болуп калганда аны чөгөрүп, үстүнө кийиз же таар жаап коёт.
Төө тууган соң, анын баласы – тайлакка жентек той берген.
Төөнүн тайлагына жентек той бергенде ингендин ууз сүтүнөн жарма жасап, коңшу-колоңдорго алып барат.
Төө тууган соң, анын баласы – тайлактын башын ак чүпүрөк менен ороп коёт.
Төө тууганда жентек берип, карындагы май бузулат.
Төөнү жалпы айыл курмандык кылганда союшат.
Төөнү жалпы айыл түлөө өткөргөндө союшат.
Төөнү хан көтөргөндө союшат.
Төөнүн жүнүн күйдүрүп, жарага күлүн басса, айыгат.
Төөнүн жүнүн күйдүрүп канап жаткан мурунга басса, кан токтойт.
Төөнүн мурдун чүйрүгөнү – жаан-чачындын болорун кабарлаганы.
Төөнүн өтүн бал менен жесе, көздүн көрүшү жакшырат.
Төөнүн өтүн бал менен жесе, тамак оору айыгат.
Төөнүн этин бир жылда бир гана жегенге болот дешет.