Мындан тышкары, илгертен эле үй жандыктарына карата жасалбай турган тыюулар да болгон.
Малга карата эмнелерди жасоого болбой турганын этнограф, тарыхчы Динара Молдокулова түшүндүрүп берди.
Жылкыны камчы менен башка чабууга болбойт. Төрт түлүктүн ичинен кыргыздар жылкыга өзгөчө көңүл бургандыктан, аны башка чабууга такыр эле тыюу салынган. Ошондой эле бөтөн бирөөнүн атын башка чабуу анын ээсин чапканга тете болгон.
Ат минип турган адам жылкынын жалына бутун койбойт. Анткени жылкынын жалы ыйык, анда периштелер жүрөт деген ишеним болгон.
Аял киши атка жайдак минбейт. Элдин салттык адебине ылайык, аял кишинин жайдак атка миниши жүрүм-турум нормаларына каршы келген. Тактап айтканда, кыргыздарда нике шартын бузган аялды жазалоонун бири атка жайдак мингизип төркүнүнө жеткирип салуу болгон.
Ат жабдыктарын аттаганга, тебелегенге жана бут менен тээп жылдырууга болбойт. Анткени жылкы ыйык деп эсептелгендиктен анын жабдыктарына да аяр мамиле жасоо керек болгон.
Уйду желинге урбайт, теппейт, ыпылас кол менен кармабайт. Уйду саай турган адам сөзсүз түрдө колун жууп, анан саашы керектелген.
Жаш төлдү санабайт, суктанбайт жана бөтөн кишиге көрсөтпөйт. Мындай учурда кыргыздар бирөөнүн көзү, жаман сөзү тийип кетет деп эсептешкен.
Итти урбайт, теппейт. Анткени итти сабап-кордогон адамдын баласы тубаса итий оорусу менен төрөлөт деген түшүнүк болгон.
Иттин тамагы салынган идишти тээп жылдырбайт, аны менен бирөөнү урбайт. Себеби итаяк тийген адам соо калбайт, өлүп же майып болуп калат.
Итти сабап өлтүрбөйт. Аны өлтүргөн адамды кырсык тооруйт деп ишенишкен.
Мышыкты урбайт, өлтүрбөйт. Мышыктын каргышы жаман болот. Эл арасында "мышык пайгамбардын келини болуптур" деген түшүнүк болгон.