Ош — Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Кыргызстандын эң ири шаарларынын бири катары саналган. Башка шаарлардан үч миң жылдык байыркы тарыхы, эски мечиттери жана зыярат кыла турган касиеттүү Сулайман-Тоосу менен айырмаланып турат.

1/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Сулайман-Тоонун үстү. Ал жерден шаар алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул жерде туруп Достук аллеясын жана башка кооз жерлерди көрүүгө болгон. 1970-жыл

2/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Оштун аба майданы шаардан тогуз чакырым алыстыкта жайгашкан. 1974-жыл

3/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Аэродромдун аймагында үч учуп-конуу тилкеси болгон. 1974-жыл

4/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Айылдарга жана коңшу региондорго шаардын чок ортосунда жайгашкан автобекет аркылуу кетишчү. 1982-жыл

5/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Ошко келген туристтердин көбү Сталин көчөсүндөгү "Алай" мейманканасына жайгашчу. 1960-жыл

6/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Башка шаарлар менен сүйлөштүрүп турган байланыш түйүнү. Бул станция он миң абонентти тейлеген. 1985-жыл

7/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Сулайман-Тоонун этегиндеги сувенирлер дүкөнү. 1984-жыл

Бул чоң залдан шаардын сүрөтү түшүрүлгөн сувенир, чакан боз үй, белекке берилүүчү комуз жана ак калпактарды алууга болгон. 1981-жыл

Нан жапкан тандырлар. Наабайчылар жан дили менен тандырга кантип нан жабууну айтып беришчү

10/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Борбордук турмуш-тиричилик үйүндө калкка чач тарач кызматтары, сүрөт салондору жана тигүү ательеси иштеп турган. 1980-жыл

11/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Шаардык универмаг, товардын дефицит болгонуна карабай түрдүү нерселер үзүлчү эмес

12/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Райондук дүкөндөр да кооз көрүнүп, бул жакка да эл агылып келип турган. 1976-жыл

13/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Соода борборлордун көбү эки кабаттуу болуп, айнектер менен шөкөттөлгөн. Сүрөттө "Черемушки" универмагы. 1979-жыл

14/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
"Ош" универмагы шаардын чок ортосунан орун алган. 1978-жыл

15/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Ал убакта борбордук китепкана түштүк жергесинин сыймыктанчу жайларынын бири болгон. Аны Бишкектеги китепканага коёндой окшош дешчү. 1989-жыл

Шаарда бир институт жана техникумдар иштеген. Сүрөттө Ош мамлекеттик педагогикалык институту (башкы корпус). 1960-жыл

17/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Ал эми дагы бир корпусунун көрүнүшү мындай болгон. 1991-жыл

18/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Ал учурда айыл чарба техникумунун бүтүрүүчүлөрүнө суроо талап жогору болчу

70-80-жылдары Ошто көп кабаттуу үйлөр активдүү курула баштаган

20/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
"Слава советской молодежи!" жана "Наша цель — коммунизм!" деген лозунгдар шаардын ар тарабында илинип турган

21/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Ошто алгачкы жолу 1989-жылы 12 кабаттуу үй курулган

22/22
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Шаардын өнөр жай тармагы жакшы өнүккөн. Фабрика жана заводдор иштеген аймактын көрүнүшү. 1974-жыл