Сарпашев өзүнө козголгон иш боюнча тергөө менен кызматташарын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен убактылуу четтетилген Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен убактылуу четтетилген Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен убактылуу четтетилген Тайырбек Сарпашевге Башкы прокуратура ал вице-премьер болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш ишин козгогон.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Тайырбек Сарпашев бланкалар боюнча сатып алуулар төрт жыл мурда болгонун, эми адвокат жалдап тергөөнүн жүрүшүнө жардам бере турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Сарпашев вице-премьер болуп турганда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкаларын сатып алууда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине жараксыз бланктарды сатып алууга мажбурлап, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда

"Бул төрт жыл мурда болгон. Андыктан ал кандай болгонун карап чыгышым керек. Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Бирок мен бардыгын мыйзам чегинде жасаганымды далилдеп берем", — деди ал.

Сарпашевдин айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык, тендерден утулуп калган ишкана бланкаларды тыкыр көзөмөл алдында жасап бериши керек болчу.

Депутат Жогорку Кенеш, Текебаев Омурбек - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев камакта калды
Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук берген деп айыптап, аны кызмат ордунан алуу боюнча өкмөт башчыга сунуш жөнөткөн.

Тайырбек Сарпашев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына убактылуу отставкага кетүү боюнча арыз жазып, өкмөт башчы анын сунушун орундаткан болчу. Бул ишти иликтеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия дагы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0