00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ПМЭФ для Кыргызстана: 14 соглашений и новые рынки от Африки до Латинской Америки
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарпашев вице-премьер болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Депутат Жогорку Кенеш, Текебаев Омурбек - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев камакта калды
Маалыматка ылайык, Сарпашев вице-премьер болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматына келишим түзбөстөн экинчи тараптан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкаларын сатып алууга тапшырма берген. Анда 2013-жылы 28-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы туулгандыгы тууралуу көбүлүктүн бланкаларын сатып алуу боюнча 8 миллион сомго тендер өткөрүп, ага "У." ААКы жана "Т.П" ЖЧКлары катышып, экинчиси жеңүүчү деп табылганы айтылат.

"Ушул эле жылдын 24-апрелинде Финансы министрлиги тендер өткөнү боюнча вице-премьер Сарпашевге кат жөнөткөн. Бирок 25-апрелде Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматына туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланктарын бир гана "У." ААКтын сатып алуу боюнча мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген. Анын негизинде Мамкаттоонун ошол учурдагы жетекчиси тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзбөстөн "Т.П." ЖЧКнын башкы директорун "У." ААКтан 40 миң даана бланкты сатып алууга мажбурлаган. Сатып алынган бланктар жарандык абал актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө таратылып, жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилген", — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчу тобу Жарандык абал актыларын каттоо департаментинин 2015-жылдын 18-июнунан берки ишмердигин текшерип, сатып алынган бланктарда каталар бар экенин аныктаган.

Случаи трудового рабства - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев жаңжалы: Башкы прокуратура Бакиевдердин мүлкүн камакка алды
"Бланктын "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк" деген жеринде "Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк" деп жазылган. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилгенден кийин 11 миң 690 жарандан арыз келип түшкөн. Алар чек арадан өтүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болуп, кайтадан Кыргызстанга депортацияланганын айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы 11 миң 690 күбөлүктү алмаштырып берди. Дагы 28 миң 312 даана күбөлүктү алмаштыруу кажет.

Аталган кылмыш ишин иликтөө УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук берген деп айыптап, аны кызмат ордунан алуу боюнча өкмөт башчыга сунуш жөнөткөн.

Тайырбек Сарпашев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына убактылуу отставкага кетүү боюнча арыз жазып, өкмөт башчы анын сунушун орундаткан болчу. Бул ишти иликтеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия дагы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0