Анын айтымында, окуя 28-мартта саат 20:00дөр чамасында Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit жана Odyssey автоунаалары кагышкан. Экинчи машинанын ичинде НТС телеканалынын тартуу тобу болгон.
"Мен Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн ылдыйды көздөй кетип бара жаткам. Менин алдымда кетип бараткан Honda Odyssey автоунаасы Honda Fit менен кагышты. Рулда бараткан 19 жаштагы жарандын айдоочулук (Honda Fit) күбөлүгү жок экен. Ал жолдо баратып ойлонуп кеткендиктен бурулуп жаткан машинаны байкабай калганын айтып, күнөөсүн моюнга алды", — деди ал.
Буга чейин теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасына жол кырсыгы тууралуу жазып, машинанын ичиндеги телеканалдын төрт кызматкери жаракат алганын жазган.