https://sputnik.kg/20260628/1102123422.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы "Манас" паркы менен таанышты. Бул тууралуу... 28.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-28T17:00+0600
2026-06-28T17:00+0600
2026-06-28T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1c/1102123256_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_176242ba7d90f17744316b3c2a9f9f37.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы "Манас" паркы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарланды. Билдирүүгө ылайык, парк мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу модернизацияланган. Тагыраагы, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ага 3 миллион доллар бөлгөн.Долбоордун алкагында заманбап 27 аттракцион, 9D кинотеатр, балдар, спорт жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, кафе, дүкөндөр жана видеокөзөмөл орнотулду. Мындан тышкары, 100 жумуш оруну пайда болду. Жаңы эс алуу багы күнүнө 3 миң кишиге чейин кабыл алат. Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, жарыктандыруу жана ирригациялык система жаңыланган.
Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын полковниги, Крымда террордук чабуулду уюштурууга катышкан Рустем Фахриев* жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги күч түзүмдөрүндөгү жеке маалымат булактарына таянып жазды. "18-майда Украинада аскердик чалгындын полковниги Фахриев Рустем Саитхалилович* жок кылынды", — деп айтылат билдирүүдө. Ал "Крым-татар элинин межлиси"** уюмунун активисти болгон, 2014-жылы Крымдын министрлер кеңешинин имаратын күч менен басып алуу аракетине катышкан. Ошондой эле "Аскер" батальонунун, кийинчерээк "Донбасс — Украина" түзүмүнүн курамында болгон. Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-декабрында Россиянын Коргоо министрлигинин улук офицерлеринин бирине кол салууну дал ошол Фахриев* уюштурган. Ошол учурда күч кызматкерлери офицердин унаасынын алдына бомба койгон украиналык агентти жок кылган.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШнын соккуларына жооп кылып ракеталар менен учкучсуз аппараттарды колдонуп, Американын Кувейт менен Бахрейндеги аскердик объектилерине операция жасады. Бул тууралуу ирандын Tasnim агенттигине таянып Reuters жазды. Маалыматка ылайык, КСИР бул аракет АКШнын Ирандын жээктеги беш постуна жакында жасаган соккуларына жооп экендигин билдирген. Соккулардын бутасы Кувейттеги АКШнын авиабазасы жана Бахрейндеги америкалык деңиз күчтөрүнүн базасы болгон. Буга чейин АКШ Ирандын жээктеги аскердик беш постуна сокку урган. Иран ок атышууну токтотуу режимин бузуу Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга каршы келерин жана дипломатиялык процесстин толугу менен токтоп калышына алып келиши мүмкүн экенин эскерткен. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү алдыдагы күндөрдө Американын Жакынкы Чыгыштагы базаларын "тозок" күтүп турарын да билдиришкен.
Кыргызстандык UFC мушкери Мыктыбек Оролбай кийинки беттешин 15-августта өткөрөт. Анын атаандашы катары америкалык Жеремайя Уэллс чыгат. Кыргызстандык спортчу бул уюмда буга чейин беш жолу жеңишке жеткен. Акыркы беттешин ал 15-мартта өткөргөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы "Манас" паркы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарланды. Билдирүүгө ылайык, парк мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу модернизацияланган. Тагыраагы, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ага 3 миллион доллар бөлгөн.Долбоордун алкагында заманбап 27 аттракцион, 9D кинотеатр, балдар, спорт жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, кафе, дүкөндөр жана видеокөзөмөл орнотулду. Мындан тышкары, 100 жумуш оруну пайда болду. Жаңы эс алуу багы күнүнө 3 миң кишиге чейин кабыл алат. Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, жарыктандыруу жана ирригациялык система жаңыланган.Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын полковниги, Крымда террордук чабуулду уюштурууга катышкан Рустем Фахриев* жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги күч түзүмдөрүндөгү жеке маалымат булактарына таянып жазды. "18-майда Украинада аскердик чалгындын полковниги Фахриев Рустем Саитхалилович* жок кылынды", — деп айтылат билдирүүдө. Ал "Крым-татар элинин межлиси"** уюмунун активисти болгон, 2014-жылы Крымдын министрлер кеңешинин имаратын күч менен басып алуу аракетине катышкан. Ошондой эле "Аскер" батальонунун, кийинчерээк "Донбасс — Украина" түзүмүнүн курамында болгон. Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-декабрында Россиянын Коргоо министрлигинин улук офицерлеринин бирине кол салууну дал ошол Фахриев* уюштурган. Ошол учурда күч кызматкерлери офицердин унаасынын алдына бомба койгон украиналык агентти жок кылган.Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШнын соккуларына жооп кылып ракеталар менен учкучсуз аппараттарды колдонуп, Американын Кувейт менен Бахрейндеги аскердик объектилерине операция жасады. Бул тууралуу ирандын Tasnim агенттигине таянып Reuters жазды. Маалыматка ылайык, КСИР бул аракет АКШнын Ирандын жээктеги беш постуна жакында жасаган соккуларына жооп экендигин билдирген. Соккулардын бутасы Кувейттеги АКШнын авиабазасы жана Бахрейндеги америкалык деңиз күчтөрүнүн базасы болгон. Буга чейин АКШ Ирандын жээктеги аскердик беш постуна сокку урган. Иран ок атышууну токтотуу режимин бузуу Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга каршы келерин жана дипломатиялык процесстин толугу менен токтоп калышына алып келиши мүмкүн экенин эскерткен. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү алдыдагы күндөрдө Американын Жакынкы Чыгыштагы базаларын "тозок" күтүп турарын да билдиришкен.Кыргызстандык UFC мушкери Мыктыбек Оролбай кийинки беттешин 15-августта өткөрөт. Анын атаандашы катары америкалык Жеремайя Уэллс чыгат. Кыргызстандык спортчу бул уюмда буга чейин беш жолу жеңишке жеткен. Акыркы беттешин ал 15-мартта өткөргөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1c/1102123256_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f09053df34606054d922d417d4f67703.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио