00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” директорлор кеңешинин төрагасы Чжоу Синь менен жолукту. Жолугушууда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун негизги маселелерин сүйлөшүп, бул долбоор мамлекеттер үчүн стратегиялык мааниге ээ жана аймактык байланышты өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы эл аралык транспорт коридорун түзүүгө багытталган негизги инфраструктуралык элементтердин бири болоорун белгилешти. Анда Эрлист Акунбеков, кыска мөөнөттүн ичинде темир жолдун масштабдуу курулушунун башталышын камсыз кылган биргелешкен ишкананын жигердүү жана жемиштүү ишин белгиледи.
Ноокат районунун (Ош облусу) Муркут айылында Уркуя Салиеванын мурдагы музейинин жаңы имараты салына баштады. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы имаратты эски музейдин жанына салынат. Анда көргөзмө залдары, экспонат коюла турган орундар, административдик жана көмөкчү бөлмөлөр каралган. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы музей тарыхты, маданий мурасты жана көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Уркуя Салиеванын өмүр жолун, өткөн-кеткенин сактоого кызмат кыларын билдирди. Белгилей кетсек, Уркуя Салиева жаңы заманга умтулган кыргыз тарыхындагы чыгаан кыз-келиндердин көч баштоочусу. 1910-жылы (кээ бир маалыматтарда 1907-жылы) Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Тактек (Беш-Бурхан) кыштагында жарык дүйнөгө келген. Отузга чыкпай жатып эркиндик үчүн жанын берип, аялдардын укуктары үчүн күрөшкө катышып, колхоздорду уюштурууга жана сабатсыздыкты жоюуга салым кошкон. 1934-жылы жолдошу менен бирге совет бийлигине каршы күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн.
Борбор калаадагы Жеңиш аянтындагы автоунаа токтотуучу жайда акыны саат менен төлөгөн система сынамык тартип менен иштей баштады. Бул туурасында мэриядан билдиришти. Бул автокороо 95 машинага ылайыкталган жана күнү-түнү иштейт. Алгачкы 15 мүнөт акысыз болсо, биринчи эки саатка 50 сом төлөнөт. Андан кийинки ар бир сааттын баасы 10 сомдон болот. Мэрия сыноо мөөнөтүнөн кийин системаны шаардагы башка автожайларга да жайылтууну көздөөдө.
Үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан сыртка 41 миң даана эркектердин күрмөсү жана пальтосу экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Сыртка сатылган продукциянын дээрлик баарын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр: Россия, Казакстан жана Беларусь сатып алган. Ал эми калган чакан партиялар Өзбекстан, Тажикстан, Канада, АКШ жана Түркияга жөнөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0