https://sputnik.kg/20260628/1102118654.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы Жеңиш аянтындагы автоунаа токтотуучу жайда акыны саат менен төлөгөн система сынамык тартип менен иштей баштады. Бул туурасында мэриядан... 28.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-28T12:59+0600
2026-06-28T12:59+0600
2026-06-28T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1c/1102118488_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d4c2ef4c68b9313a461fab02bbbe5064.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы Жеңиш аянтындагы автоунаа токтотуучу жайда акыны саат менен төлөгөн система сынамык тартип менен иштей баштады. Бул туурасында мэриядан билдиришти. Бул автокороо 95 машинага ылайыкталган жана күнү-түнү иштейт. Алгачкы 15 мүнөт акысыз болсо, биринчи эки саатка 50 сом төлөнөт. Андан кийинки ар бир сааттын баасы 10 сомдон болот. Мэрия сыноо мөөнөтүнөн кийин системаны шаардагы башка автожайларга да жайылтууну көздөөдө.
Бишкекте кыргыз-афган бизнес-форуму өтүп, анын алкагында эки өлкөнүн ортосунда Ишкердик кеңеш түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Афганистандын Соода жана инвестиция палатасынын төрагасы Сайед Мохаммад Карим Хашеми жетектеген делегация менен болгон жолугушууга ата мекендик бизнестин 100гө жакын өкүлү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тарыхый коңшулук мамилелерди жаңы экономикалык мазмун менен толуктоо зарылдыгын белгиледи. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары эки тараптуу соодада оң динамика байкалууда. Алсак, 2024-жылы Кыргызстандын Афганистанга экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетип, 50,4 млн доллардан ашкан. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 29,2 млн долларды түзгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадиондун ачылыш аземине катышты. Ачылыш аземинин алкагында "Шамалды-Сай" футбол клубунун тарбиялануучулары менен жолукту. Жолугушуу учурунда Адылбек Касымалиев жаңы түптөлгөн "Шамалды-Сай" командасынын ишмердүүлүгүн баштоо жана алгачкы өнүгүүсүн колдоо максатында министрлер кабинети тарабынан берилген 1 миллион сомдук сертификатты өз колу менен тапшырды. Бул арена эми "Шамалды-Сай" клубуна өз кызматын кылат. Аталган спорттук объект аймактагы эң эски спорттук жайлардын бири. Ал 1961-жылы энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн курулуп, көп жылдар бою шаардагы негизги спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жай болуп келген. 2023-жылдын декабрь айында стадионду толук реконструкциялоо иштери башталган. Жалпы аянты 1,79 гектар болгон спорт комплекси 1335 көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Комплексте заманбап футбол талаасынан сырткары, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо жолдору, ошондой эле спортчулар жана көрүүчүлөр үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган.Жаңы объектилер Жалал-Абад облусундагы спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жаштар арасында спортту массалык түрдө жайылтуу багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында пайдаланууга берилди.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияны альянс үчүн коркунучтуу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анын айтымында, Москва өз бюджетинин дээрлик 40 пайызын коргонуу тармагына жумшап, күнү-түнү аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүдө. Ошондой эле Украинадагы согуштан сабак алып, тажрыйба топтоп, кырдаалга тез ыңгайлашууда. Бул сөздөр Вашингтондо өткөн А
Борбор калаадагы Жеңиш аянтындагы автоунаа токтотуучу жайда акыны саат менен төлөгөн система сынамык тартип менен иштей баштады. Бул туурасында мэриядан билдиришти. Бул автокороо 95 машинага ылайыкталган жана күнү-түнү иштейт. Алгачкы 15 мүнөт акысыз болсо, биринчи эки саатка 50 сом төлөнөт. Андан кийинки ар бир сааттын баасы 10 сомдон болот. Мэрия сыноо мөөнөтүнөн кийин системаны шаардагы башка автожайларга да жайылтууну көздөөдө.Бишкекте кыргыз-афган бизнес-форуму өтүп, анын алкагында эки өлкөнүн ортосунда Ишкердик кеңеш түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Афганистандын Соода жана инвестиция палатасынын төрагасы Сайед Мохаммад Карим Хашеми жетектеген делегация менен болгон жолугушууга ата мекендик бизнестин 100гө жакын өкүлү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тарыхый коңшулук мамилелерди жаңы экономикалык мазмун менен толуктоо зарылдыгын белгиледи. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары эки тараптуу соодада оң динамика байкалууда. Алсак, 2024-жылы Кыргызстандын Афганистанга экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетип, 50,4 млн доллардан ашкан. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 29,2 млн долларды түзгөн. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадиондун ачылыш аземине катышты. Ачылыш аземинин алкагында "Шамалды-Сай" футбол клубунун тарбиялануучулары менен жолукту. Жолугушуу учурунда Адылбек Касымалиев жаңы түптөлгөн "Шамалды-Сай" командасынын ишмердүүлүгүн баштоо жана алгачкы өнүгүүсүн колдоо максатында министрлер кабинети тарабынан берилген 1 миллион сомдук сертификатты өз колу менен тапшырды. Бул арена эми "Шамалды-Сай" клубуна өз кызматын кылат. Аталган спорттук объект аймактагы эң эски спорттук жайлардын бири. Ал 1961-жылы энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн курулуп, көп жылдар бою шаардагы негизги спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жай болуп келген. 2023-жылдын декабрь айында стадионду толук реконструкциялоо иштери башталган. Жалпы аянты 1,79 гектар болгон спорт комплекси 1335 көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Комплексте заманбап футбол талаасынан сырткары, баскетбол жана волейбол аянтчалары, чуркоо жолдору, ошондой эле спортчулар жана көрүүчүлөр үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган.Жаңы объектилер Жалал-Абад облусундагы спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жаштар арасында спортту массалык түрдө жайылтуу багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында пайдаланууга берилди.НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Россияны альянс үчүн коркунучтуу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анын айтымында, Москва өз бюджетинин дээрлик 40 пайызын коргонуу тармагына жумшап, күнү-түнү аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүдө. Ошондой эле Украинадагы согуштан сабак алып, тажрыйба топтоп, кырдаалга тез ыңгайлашууда. Бул сөздөр Вашингтондо өткөн А
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1c/1102118488_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ecbe428ba5c63867e1554e02ec0176ab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио