https://sputnik.kg/20260628/1102117046.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын каскадындагы үч ири... 28.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-28T11:00+0600
2026-06-28T11:00+0600
2026-06-28T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1c/1102116880_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8f7bcdd81249543f9f8b2bba625a745f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын каскадындагы үч ири гидроэлектростанциянын иши жана курулушу менен жеринде таанышты. минкаб башчысы Камбар-Ата-1 ГЭС объектисине барып, Нарын дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн жана анын айланасындагы курулуш аянтчаларысынын абалы менен таанышты. Учурда көпүрөнүн таяныч жана оң жээкке өткөрүүчү темир конструкциялары орнотулуп, кирүү жолдору кеңейтилүүдө. Ошондой эле убактылуу курулуш базасы толукталып, негизги ГЭСтин курулушун баштоого даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Адылбек Касымалиев инфраструктуралык объекттерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырма берди.Сапардын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы энергетиктерге күз-кыш мезгилине өз убагында даярдануу, гидротехникалык курулмалардын техникалык коопсуздугун камсыздоо жана тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.
Жол милициясы чет өлкөлүк жүк ташуучу унааларды текшерип, айдоочуларына эскертүү берип жатканын мекемеден билдиришти. Социалдык тармакка жарыяланган видеодон инспекторлор Кытайдан жүк тартып келе жаткан унааларды токтотуп, айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын көрүүгө болот. “Айдоочулар акырын айдап, аралыкты сактап, кооптуу маневр жасабай, тоолуу жолдордо өзгөчө этият болууга милдеттүү. Чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалардын бардык айдоочуларын эрежелерди так сактоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, социалдык тармактарга чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалардын айдоочулары оңбогудай айдап, каршы тилкеге чыгып ашып өткөн видеолор байма-бай чыгып жатат.
Россиянын башкы прокурору Александр Гуцан Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевге Россиянын президенти Владимир Путин ыйгарган "Достук" орденин тапшырды.Максат Асаналиев бул мамлекеттик сыйлыкка эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту жана КМШ аймагындагы жарандардын укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн татыктуу болду.Александр Гуцан кыргызстандык кесиптешин алган сыйлыгы үчүн куттуктап, эки өлкөнүн укук коргоо органдары кылмыштуулукка каршы күрөштөгү алакасын улантып жатканын белгиледи.Ошондой эле ал Асаналиевди 2026-жылдын күзүндө Казань шаарында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынына чакырды.
Польша парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикери Кшиштоф Босак поляктардын басымдуу бөлүгү Украинанын Евробиримдикке тез арада кабыл алынышын колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Босактын айтымында, сурамжылоого ылайык, жергиликтүү элдин 60 пайызы Украинанын ЕБге мүчө болушуна каршы. Ал муну Варшава менен Киевдин ортосундагы аскердик, экономикалык, демографиялык жана тарыхый кызыкчылыктардагы карама-каршылыктар менен түшүндүрдү.Ошондой эле польшалык саясатчы өлкөнүн премьер-министри Дональд Тусктун Евробиримдиктин Украина менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин колдогонун сынга алды. Босактын айтымында, Венгрия бул багытта шарт койгонго жетишип, макулдугу үчүн Украинадагы венгер азчылыгынын укуктарын кеңейтүү боюнча келишим түзүп алды, ал эми Польша мындай кадамга бара алган жок.Белгилей кетсек, 12-июнда Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөр Украина менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабын ачууга макул болгонун билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын каскадындагы үч ири гидроэлектростанциянын иши жана курулушу менен жеринде таанышты. минкаб башчысы Камбар-Ата-1 ГЭС объектисине барып, Нарын дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн жана анын айланасындагы курулуш аянтчаларысынын абалы менен таанышты. Учурда көпүрөнүн таяныч жана оң жээкке өткөрүүчү темир конструкциялары орнотулуп, кирүү жолдору кеңейтилүүдө. Ошондой эле убактылуу курулуш базасы толукталып, негизги ГЭСтин курулушун баштоого даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Адылбек Касымалиев инфраструктуралык объекттерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырма берди.Сапардын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы энергетиктерге күз-кыш мезгилине өз убагында даярдануу, гидротехникалык курулмалардын техникалык коопсуздугун камсыздоо жана тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.Жол милициясы чет өлкөлүк жүк ташуучу унааларды текшерип, айдоочуларына эскертүү берип жатканын мекемеден билдиришти. Социалдык тармакка жарыяланган видеодон инспекторлор Кытайдан жүк тартып келе жаткан унааларды токтотуп, айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын көрүүгө болот. “Айдоочулар акырын айдап, аралыкты сактап, кооптуу маневр жасабай, тоолуу жолдордо өзгөчө этият болууга милдеттүү. Чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалардын бардык айдоочуларын эрежелерди так сактоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, социалдык тармактарга чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалардын айдоочулары оңбогудай айдап, каршы тилкеге чыгып ашып өткөн видеолор байма-бай чыгып жатат.Россиянын башкы прокурору Александр Гуцан Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевге Россиянын президенти Владимир Путин ыйгарган "Достук" орденин тапшырды.Максат Асаналиев бул мамлекеттик сыйлыкка эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту жана КМШ аймагындагы жарандардын укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн татыктуу болду.Александр Гуцан кыргызстандык кесиптешин алган сыйлыгы үчүн куттуктап, эки өлкөнүн укук коргоо органдары кылмыштуулукка каршы күрөштөгү алакасын улантып жатканын белгиледи.Ошондой эле ал Асаналиевди 2026-жылдын күзүндө Казань шаарында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынына чакырды.Польша парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикери Кшиштоф Босак поляктардын басымдуу бөлүгү Украинанын Евробиримдикке тез арада кабыл алынышын колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Босактын айтымында, сурамжылоого ылайык, жергиликтүү элдин 60 пайызы Украинанын ЕБге мүчө болушуна каршы. Ал муну Варшава менен Киевдин ортосундагы аскердик, экономикалык, демографиялык жана тарыхый кызыкчылыктардагы карама-каршылыктар менен түшүндүрдү.Ошондой эле польшалык саясатчы өлкөнүн премьер-министри Дональд Тусктун Евробиримдиктин Украина менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин колдогонун сынга алды. Босактын айтымында, Венгрия бул багытта шарт койгонго жетишип, макулдугу үчүн Украинадагы венгер азчылыгынын укуктарын кеңейтүү боюнча келишим түзүп алды, ал эми Польша мындай кадамга бара алган жок.Белгилей кетсек, 12-июнда Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөр Украина менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабын ачууга макул болгонун билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1c/1102116880_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_05757f296649737ae71340e6ccd6fabf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио