БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Мындан 26 күн мурда автокырсыкка кабылып, операция жасалган Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков борбор калаадагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ал өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.
Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, дарыгерлердин жардамы менен кайра калыбына келтирилген.
"Оорукандан үйгө кечээ чыгып келдим. Буюрса, абалым жакшы. Бир нече күндөн кийин жумушка чыгып калам", — деди Карыпбеков.
Ал ошондой эле убагында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турарын кошумчалады.
Илим Карыпбеков менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>