БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө бир миллион 320 миң сом материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президенттин жарлыгынын негизинде каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнүн 33 мүчөсүнүн ар бирине 40 миң сомдон бөлүнөт.
Эске салсак, 2002-жылы Аксыда нааразылык акциялар өтүп, атылган октон алты адам каза болгон.