Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Пакистанга барат

© пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Чыныбай Турсунбеков
Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин расмий делегациясынын сапары 16-мартка чейин созулуп, анын курамына Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Абдимуктар Маматов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев кирген.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Пакистанга барат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Чыныбай Турсунбеков Пакистандын Улуттук ассемблясынын спикери Сардар Аяз Садик, премьер-министр Нохаммад Наваз Шариф, өлкөнүн президенти Мамнун Хуссейн менен жолугуп, эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

Парламенттин расмий делегациясынын сапары 16-мартка чейин созулуп, анын курамына Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Абдимуктар Маматов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0