Турсунбеков Чыныбай Акунович — өмүр баян

© пресс-служба Жогорку КенешаКСДП парламенттик фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив
КСДП парламенттик фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыныбай Турсунбековдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган таржымалдан окуңуз.

Ал 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985-1988-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Тышкы иштер иинистрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы "Кыргызстан" басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.

  • 1989-1992 — КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;
  • 1993-1994 — Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;
  • 1995-1997 — Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси, "Манас-1000" мамлекеттик комитетинин алдындагы "Манас дастаны" филиалынын директору, Түркия боюнча "Азаттык" радиосунун кабарчысы.
  • 1997-жылдан 2010-жылга чейин — "Акун" ЖАКтын башкы директору, "Бишкек ун комбинаты"ААКнын башкы директору, "Кереге" ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы;
  • 2010-жылы — Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери;
  • 2015 — КСДП партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы ЖК депутаты. КСДП парламенттик фракциясынын лидери. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жетекчиси;
  • 04.2016-25.10.2017 — Жогорку Кеңештин төрагасы.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Алган сыйлыктары:

  • 1999-жылы "Жылдын мыкты бизнесмени" наамын жеңип алган;
  • 2000-жылы Президенттин Жарлыгы боюнча КР Ардак грамотасы менен сыйланган;
  • 2003-жылы Президенттин Жарлыгы менен экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.

Кошумча маалымат:

  • Филология илимдеринин кандидаты;
  • Пицундада өткөн (1989) Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты;
  • СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер Союздарынын мүчөсү;
  • Ч.Айтматов Академиясынын академиги;
  • "Жүрөктөгү жаңырык" (1985), "Шаарда жоголгон сөз" (1993), "Жалын тоо" (2014) деген үч поэтикалык жыйнактын автору;
  • "Манас" эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу;
  • Түрк тилинен кыргызчага Нихат Атсыздын "Көкжалдардын өлүмү" романын жана "Түрк дүйнөсүнүн адабияты" аттуу эки томдукту которгон;
  • Мезгилдүү басма сөздө ар түрдүү адабий жана сын макалалары жарык көргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0