Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров алты күн бою өнөрүн жаштарга үйрөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун архивдик сүрөтү
Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал кыргыз коомунун жаш жана талантуу өкүлдөрүнө 2007-жылдан бери жыл сайын мастер-класс өткөрүп келет.

БИШКЕК, 12-март. — Sputnik. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров 17-23-апрель күндөрү маарекелик онунчу мастер-классын өткөрөт. Бул тууралуу SEA студиясынын директору Сүйүм Сулайманова маалымдады.

Ал билдиргендей, Абдыжапаров 2007-жылдан бери жыл сайын мастер-класс өткөрүп келет. Бул жылдар аралыгында анын шакирттери тарабынан билим берүү багытында 266, кыска метраждуу 128 жана толук метраждуу 40 тасма тартылган.

"Мастер-класстын максаты — кыргыз коомунун жаш жана талантуу өкүлдөрүнө киноматографияга жол көрсөтүп, кино өнөрүнө кызыгуусун күчөтүү", — деди Сулайманова.

Учурда режиссердон чеберчилик боюнча сабак алууну каалагандарды каттап жана кабыл алуу жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0