БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 60тан ашуун ири ишкана пайда салыгынан бошотулганы, алардын арасында — "Шер", "Шин-Лайн", "Шоро", "Бишкексут", "Акун", "Умут и К" сыяктуу компаниялар бар экенин буга чейин айрым ЖМКлар жазып чыккан. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономика министрлигинен дагы тастыкташты.
Ошондон кийин коомчулукта, соцтармактарда аталган компаниялар аткаминерлерге тиешелүү деген пикирлер айтылып, талкуу болгон.
64 компаниянын пайда салыгынан бошотулушунун себептерин Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Исабеков айтып берди.
Анын айтымында, аталган жеңилдик Салык кодексинин 2009-жылкы №5 мыйзамына ылайык киргизилген.
"Мыйзамга ылайык пайда салыгынан 2018-жылдын 1-сентябрына чейин тамак-аш жана айыл-чарба продукцияларын кайра иштеткен иш каналар бошотулган. Ал тизмеге кириш үчүн ишкана Салык кызматынан "карызы жок" деген маалымдама менен Улуттук статистика комитетинен "Экономикалык ишкердүүлүктүн түрлөрү" боюнча мамлекеттик классификатордун критерийлерине туура келет" деген маалымдама алып, Экономика министрлигине кайрылышы керек. Ал критерийлерге жаңы союлган жана муздатылган этти, сүттү, буудайды жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштеттүү сыяктуу тамак-ашка байланыштуу ишкердиктин түрү кирет. Ошондой эле текстилдик өндүрүш менен тери иштетүү дагы каралган", — деди Исабеков.
Юстиция министрлигинин расмий сайтында жазылгандай, "Бишкек тегирмени", "Акун" ишканалары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишовага таандык. Ал эми "Дан-Юг" компаниясына ээлик кылган Султанбек Тойгонбаев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон. "Шердин" кожоюну Шамиль Арлиев аттуу ишкер болсо, "Бишкексүткө" Маргарита Румянцева ээлик кылат.