Сооронбай Жээнбеков: лаборатория өз каражатыбызга курулуп жатат
Өнөктөштөр каражат бөлбөй, Кыргызстан өзү лаборатория курууга аргасыз болууда. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Эске сала кетсек, Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Таласка барды.
"Негизи сүйлөшүүлөргө ылайык, лаборатория курууга өнөктөш мамлекеттер каражат бөлмөк. Бирок ал каражат убагында келбей, өзүбүздүн акча менен фитосанитардык лабораторияларды куруп жатабыз. Мына бүгүн Таласта фитосанитардык лаборатория ачылды", — деди Жээнбеков.
Өкмөт башчы жакынкы күндөрү Түптөгү лаборатория курулуп бүтө турганын кошумчалады.