БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кечинде жол кырсыгына кабылып, учурда Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунда операция жасалып жатканын ооруканадан билдиришти.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова Карыпбековдун жол кырсыгына кабылганын тастыктап, ал жол жээгиндеги түркүктү сүзгөнүн маалымдады.
"Дарыгерлер аны ооруканага алып келе жатканда жүрөгү токтоп, кайра калыбына келген. Жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган", — деди Баялинова.
Илим Карыпбеков КТРКны 2015-жылдан бери жетектеп келет.