БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кан керек экенин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Карыпбеков үчүн алынган төрт литр кан түгөндү. Эгер КТРК директору үчүн кан берүүнү каалагандар болсо 2-мартта эртең мененки саат 8.00дөн 15:00гө чейин кан борборуна келип тапшырса болот. Бардык топтогу кан жарайт.
Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ал оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген. Карыпбековго эки сааттай операция жасалып, учурда өзүнө келип сүйлөп калганын борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.