БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги Фере көчөсү жол кыймылы үчүн жабылганын мэриядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, оңдоо иштери "Газпром Кыргызстан" ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, Фере көчөсү Элебесов көчөсүнөн баштап чыгышты карай жабылат.
Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын март айынын орто ченине чейин уланат.
Мэрия унаа тыгыны жаралбашы үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдик каттамдарды тандоону сунуштайт.