00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Жоодарбешим" эпосу туурасында беш факты. Эл коштошкусу келбеген образдар

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Дня независимости на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Дня независимости на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жоодарбешим" дастаны кыргыздын баатырдык эпосторунун бири. "Эр Төштүк" чыгармасынын уландысы болгон бул баян туурасында Sputnik Кыргызстан беш фактыны сунуштайт.

Жин-перилер менен күрөш. Эпос Жоодарбешимдин алпка каршы аттанышы менен башталат. Бирок жеңиш оңой менен колго тийбей, баатырга көп кыйынчылыктарды жеңүүгө, бир нече дөөлөр, жин-перилер менен күрөшүүгө туура келет. Чыгарма баатырдын болочок кайын атасы койгон шартты аткарып, элине колуктулуу болуп кайтышы менен аяктайт. Бул бир катар кенже эпостордун көбүнөн чоңдук кылган көлөмдүү дастан.

Эр Төштүк чыгармасынан иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Эр Төштүк" чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учураган саптары
"Эр Төштүк" чыгармасынын уландысы. Сюжетте ал Төштүктүн уулу. Кыргыз эли башкалар сыяктуу эле өздөрүнө жаккан каармандардын баянын бүтүрүп салууну каалабагандыктан, аны андан ары улантуу максатында кийинки образды таап, окуяны ал баатыр менен коштоттурган. Кыскасы, ал каарман менен эл коштошкусу келген эмес. Фольклор изилдөөчүлөр да "Жоодарбешимдин" жаралышын ушундайча түшүндүрүшкөн.

Жоодарбешимдин төрөлүшү. Бул чыгармада бала башкача жарыкка келет. Тагыраагы, ит көйнөгүн кийип, киндигинин кесилүү болуп түшүшү. Эпостук чыгармада эң көп гипербола орун алган.

Ит көйнөгүн мойнуна,
Иле түшкөн бул бала.

Аруу тонун жонуна
Кие түшкөн бул бала.

Киндиги өзү кесилүү,
Күмүш экен көкүлү,

Маңдайында калы бар,
Арыстандай жалы бар деп берилет.

Кылкара. Эпостук чыгармадагы канаттуу тулпарлардын укмуштуу касиеттери эң байыркы убактагы көрүнүш экенин айрым изилдөөчүлөр белгилеп келет. Жоодарбешимдин тулпары Кылкара анын жаш жолдошу, жардамчысы, таянар тоосу жана сырдашы. Ал эми анын атасы Төштүктүн аты Чалкуйрук экенин мурдагы материалыбызда айткан элек

Кылкара тууралуу эпосто төмөнкүдөй саптар учурайт.

Ошо жерге келгенде,
Жаныбарың Кылкара,
Жалт этип токтоп турду эле.

Сырттан эрди карата,
Бугудай мойнун бурду эле.

Кылкарага үн бүтүп,
Кадимкидей тил бүтүп,

Жоодар эрге муну айтат,
Адам билбес шумду айтат…

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманбек" эпосу жөнүндө жети факты. Муун-жүндү бошоткон керээз
Чыгарма төрт вариантта айтылган. Фольклор изилдөөчүлөрдүн маалыматында "Жоодарбешим" төрт вариантта айтылган. Негизги өзөгү катары Орозбай Урманбетовдун айтканы колдонулуп келет. Профессор Сапарбек Закиров аны 8545 саптан турат деп жазып кеткен. Андан сырткары Майрыков учурунда Ак-Талаалык Карымшак деген адамдан 13—14 жаш курагында угуп, анын ыр саптарын толук болбосо да көп бөлүгүн сактап калгандыгы белгиленген. Үчүнчү варианты Калча Суранчиевге таандык. Аны фольклор жыйноочу Ыбрай Абдырахманов 1940-жылы жазып алган. Ал эми соңкусу Абдыкерим Асан аттуу айтуучуга таандык.

Жоодарбешим Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору тарабынан даярдалып, "Эл адабияты" сериясынын жарыкка чыккан 30 томдугунун 3-томуна киргизилген. Ошентип, эпос соңку ирет 1997-жылы басылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0