00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Эр Төштүк" чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учураган саптары

© Фото / Рысбек Исаков"Эр Төштүк" чыгармасынан иллюстрация. Архив
Эр Төштүк чыгармасынан иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элемандын эркеси, тогуз уулдун кенжеси, бир кудайдын эркеси Төштүк баатыр туурасында жөө жомоктор жана ыр түрүндө жазылган эпос учурда да актуалдуулугун жоготпой келет.

Эпостун баш каарманынын образы өзгөчө. Кандай жоо болбосун кармаган жерден кан чыгарган баатырдын боорукердиги, жер астына түшүп кетип, жан-жаныбарлардын өмүрүн сактап калышы, жаратылышка жан тартып, коргоп турушунун тарбияык мааниси зор.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан "Эр Төштүк" эпосу туурасында жети фактыны сунуштайт.

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманбек" эпосу жөнүндө жети факты. Муун-жүндү бошоткон керээз
"Эр Төштүк" эпосу — түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири. Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп варианттуу, версиялуу чыгарма. Башкы каарман – Төштүк баатыр. Эл арасында кара сөз менен ыр түрүндө айтылган.

Башка элдердеги "Төштүктөр". Эпостун варианттары, версиялары кыргыз элинен башка тектеш түрк тилдүү элде кездешет. Ал казактардын "Ер Төстик" жомогу, "Йир Тошлик" (татарлардын "Эр Тештик") чыгармасы. 

Алгачкы варианты алп манасчыдан жазылган. Кагазга түшүрүү 20 кылымдардан башталган. "Эр Төштүктү" кыргыздар өздөрү ушул кылымдын жыйырманчы жылдарынан тартып кагаз бетине түшүрө башташкан. 1937-жылы улуу манасчы Саякбай Каралаевден фольклорчу, жыйноочу Ыбрай Абдрахман уулу жазып алган. Эпосту изилдөөчү Кайыповдун так эсептөөсү боюнча бул варианттын толук тексти 16 559 сап ырдан турат, б.а. кыргыздын башка кенже эпосторунун эч бирин көлөм жагынан астына салбайт.

Түрк элинин эпосторунун көлөм жагынан эң ирдүүсү. Салыштыра келсе, казактардын "Кобланды баатыры" 6 490 сап ыр, алтайлыктардын "Маадай карасы" 7 735 сап ыр, хакастардын "Алтын Арыгы" 10 371 сап ыр, өзбектердин "Алпамышы" он төрт миңге жакын сап ыр. Бул эпостор аталган элдердин эпикалык чыгармаларынын эң көлөмдүүлөрү болуп саналат. 

Французча окулган эпос. Саякбай Каралаев айткан баатырдык архаикалык эпос "Сырттан Төштүк" классикалык үлгүсү болуп саналып, орус, француз сыяктуу дүйнөлүк чоң тилдерге которулуп, жер жүзүндөгү көптөгөн эл окуп, таанышууга мүмкүнчүлүлүк алган.

Озеро Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
"Жеңишбек" поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы
Уяттуу жерлери оңдолгон чыгарма. Саякбай Каралаевден алгач 16 559 сап эпос жазылып алынса,1996-жылга чейинки төрт жолку басылышында кыйла эле кыскартылган. Тагыраагы, 3-4-басылыштары (1969, 1981-ж.) 14154 сап болуп калган. Ошентип, эпостун 2405 сабы кыскартылган. Аны эпостун 1996-жылдагы басылышында баш сөз жазган адабиятчылар буга чейин басылган китептин түзүүчүлөрү өтө кийлигишип кеткенин айтышкан. "Келки-келки ыр саптарын, ал турсун бүтүндөй эпизоддорду кыскартуу диний терминдерди, эл-жер аттарын өзгөртүү, түп нускада жок ыр саптарын киргизүү сыяктуу фольклористика — текстология илимине жат, орой бузууларга жол берилген" деп белгилешкен. Маалыматтарда, оңдоого аз учурап түп нускага жакын турганы 1938-жылы Ыбрай Абдрахманов түзүп жарыялаган китеп экендигин айтышкан. Мында "кыскартуулар айрым кайталоолордун эсебинен жүрүп, диний терминдер, уяттуу эсептелген айрым сөздөр гана оңдолгон", — деп белгилешкен адабиятчылар. 

Өзгөчө каармандар — Маамыттар менен Чалкуйрук. Чыгармада кыргыз кенже эпосторунда мүнөзүү эмес да персонаждар бар. Алар Жер тыңшар Маамыт, Көрөгөч Маамыт, Куюн Маамыт жана Жейрен секиртпес Маамыт баштаган каармандар. Бул туурасында төмөнкүчө айтылат:

Элемандын Төштүгү

Жер алдына түшкөндө,
Төрт Маамыт келди табылып.
Сырттан Төштүк баатырдын
Абийри минтип жабылып.,

Эпосто Чалкуйрук Төштүк минген аты гана эмес, жакын кеңешчиси катары көрсөтүлөт. Ал дайыма ээсине "Мен көргөндү көрдүңбү, мен туйганды туйдуңбу" деп кайрылып турат.

Чалкуйрук анда муну айтат,
Элемандын Төштүккө
Жан билбеген шумду айтат:
"Жолдош да элең, эр да элең,
Элемандын Төштүгү,
Жолугуп минген сен элен,
Мен билгенди билдиңби?", —
деген саптар кездешет.

Эпостун негизинде башка чыгармалар да жаралган. Драматург Жалил Садыков балдарга арнап "Эр Төштүк" пьесасын жазган. Андан сырткары Америкалык режиссер Вирляна Ткач менен Кенжегүл Сатыбалдиева чыгарманы сахналаштырган. Андан сырткары Эр Төштүк боюнча мультфильм тартуу демилгеси көтөрүлгөн.

Материалды даярдоодо адабиятчылар Райкул Сарыпбеков жана Мураталы Мукасовдун аталган эпос боюнча жазылган эмгектери пайдаланылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0