БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Нарын облусундагы аймактык кабарчы билдирди.


Маалыматка ылайык, буга чейин мектеп окуучулары 1965-жылы колдонууга берилген авариялык абалдагы эски мектепте билим алып келишкен.
"Буга чейин Рысбек Усубалиев атындагы орто мектептин 234 окуучусу үч сменде билим алып келишкен. Эми эки кабаттуу жаңы мектеп ачылып, айыл эли менен бирге кубанып турган чагыбыз. Мындан ары окуучулар бир сменде окуп, түштөн кийин усулдук жана окуу-тарбиялык иштер менен алектенишет. Жаңы салынган мектептин ичинде китепкана, спорт зал, жыйындар залы, балдар чечинип-кийинүүчү жай дагы бар", — деди мектеп директору Алмазбек Сейитказиев.
Анын айтымында, билим берүү жайынын курулушуна жалпысынан 47,5 миллион сом сарпталган.