Аскат Алиев: Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз
Аскат Алиев: Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз
Москва шаарындагы базарларда иштеген мекендештерге кыргыз улутундагы 4-5 бала келип салык салууда деген маалымат текшерилип жатканын КР ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.
"Бизге азыр эч ким кайрыла элек. Эгерде ушундай коркутуп-үркүтүүлөр болсо бизге кайрылгыла деп социалдык тармактарга алдын ала билдирүүлөрдү жаздык. Эки күндөн бери базарларга барып эл менен жолугуп, мындай учурда арыз жазуу керектигин түшүндүрүп жатабыз", — деди ал.
Алиев өз сөзүндө опузалап акча талап кылган учурлар 2010-2014-жылдары көп болгонун айтып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү делген ондогон киши кармалып, алар 5 жылдан 10 жылга чейин кесилгенин кошумчалады.