Кыргызстанда кыздардын укугу чектелген, мындай көрүнүшкө каршы күрөшүү керек деген окуучу кыз Пан Ги Мун менен көрүшкөнүн айтты.
"Мен докладды окуп бүткөндөн кийин жаныма Пан Ги Мун келип колумду кыса Кыргызстан кыздардын укугун коргогон укуктук мамлекет экенин айтты. Аны менен жолукканда абдан толкунданып жаттым. Мындан ары биздин өлкөдөгү аялдардын укугун коргоо менен алектенүүнү пландап жатам. Себеби Кыргызстанда кыздар менен аялдардын укугу бузулган учурлар арбын", — деди Жолдошбекова.
"Мага укук коргоо жааты жакын болгондуктан мектепти аяктагандан кийин юридикалык билим алып прокурор болууну пландап жатам", — деди Жолдошбекова. Ал ошондой эле учурда "аялдардын теңсиздигине каршы күрөшүү" боюнча долбоорго катышып жатканын айтты.