БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Курсагына бычак жеген окуучунун абалы оор экенин Кочкор аймактык ооруканасынын директору Туратбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске салсак, 19-январда кечки саат 20.30-21.00дөр чамасында Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 6 окуучусунун арасында мушташ болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча аталган мектептин беш окуучусу классташынын үйүнө барып чакырып чыккан. Уруш чыкканда ал көтөрө чыккан бычагы менен эки баланы сайган. Алардын бирөөсү кансырап каза тапкан. Ал эми экинчиси аймактык ооруканада дарыланууда.
Жумабековдун айтымында, окуучу ичинин сол капталына бычак жеген.
"Азыр баланын абалы оор. Акыл-эси жакшы. Бүгүн дарыгерлер консилиум өткөрүп, керектүү чараларды көрдү. Баланын ички органдары катуу жабыркаган", — деди ал.
Кочкор районунда мектеп окуучусунун өлүмүнө алып келген мушташка байланыштуу акимдин орун басары Элмира Садыковага сөгүш берилди. Буга чейин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынган болчу.
Учурда окуянын чоо-жайын тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатат.