Касен Асизов: Ат-Башы — Кында жолу ачылып, кыштоодогулар менен байланыш түзүлдү
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов Ак-Сай кыштоолорундагы тургундар менен байланыш жүрө баштаганын айтты.
"Ачылган жол аркылуу кечээ Ат-Башы районунан медицина кызматкерлери менен мал доктурлар кыштоого барып чабандардын абалын көзөмөлдөп жатат", — деди ал.
Асизов өз сөзүндө мал-жандын бардыгы аман экенин, учурда кыштоолорго тоют жеткирүү жагы уюштурулуп жатканын белгиледи.