БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Азиялык футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо оюну Бишкекте эмес, Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун оюн талаасынын абалы начар болгондуктан, 31-январда "Дордой" менен "Балкан" командаларынын оюну Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 14:00дө башталат.
Азиялык футбол конфедерациясынын кубогу үчүн беттештер үч тандоо оюндары жана негизги турнир менен коштолот. Анда кыргызстандын "Дордой" командасы август айында биринчи тандоо оюндарында ийгиликтүү беттешип, экинчи этапка өткөн. Плей-оффтун жарым финалында ата мекендик команда түркмөндөрдүн "Балканы" менен оюн талаасында эки ирээт кездешет.
Биринчи беттеш 31-январда Кыргызстанда өтсө, экинчиси 7-февралга белгиленген. Жыйынтыгында жеңген команда финалга чыгып, негизги турнирге жолдомо алат.