Чүйдөгү Дача айылына кулаган учак, Барак Обаманын вице-президент Жо Байденге тартуулаган белеги, Лос-Анжелесте "Золотой глобус" сыйлыгын тапшыруу, Москвадагы веложүрүш, Цюрихте The Best FIFA Football Awards сыйлыгынын тапшырылышы — ушул жана башка жаңылыктар Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт баянында.

Дүйшөмбү күнү болжол менен саат 7.30да Чүй облусундагы Дача айылына Boeing-747 жүк ташуучу учагы кулап түштү. Аба кемеси Гонконгдон Стамбулду көздөй баратып, Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок

Акыркы маалыматтар боюнча каргашалуу кырсык 38 адамдын өмүрүн алды. Дагы 16 адам ар кандай жаракат алган. Шейшемби аза күтүү күнү деп жарыяланды

РФ президенти Владимир Путин Рождество майрамындагы диний жөрөлгө учурунда

Кытайда жаңыдан жарыкка келген панданын балдары

Германиялык алып баруучу Марко Шрейль актриса Ева Лонгория, футболчулар Мануэль Нойер, Дани Алвеса, Серхио Рамос, Марсело, Лука Модрич, Криштиану Роналду жана Тони Кроос менен Цюрихтеги The Best FIFA Football Awards сыйлыгын тапшыруу маалында

Амур куймасында суудан чыгып келе жаткан аял

Манила Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жубайы Акиэ Абэни тосуп алууга даярданып жатат. Абэ Түштүк-Чыгыш Азия менен Австралияга болгон алты күндүк иш сапарынын алкагында Филиппинге 12-январда келип конгон

Москвадагы экинчи ирет өтүп жаткан веложүрүшкө суукка карабай быйыл 500 киши катышты

Чехиянын Либерец шаарында жасалма муз аскага чыгып бараткан адам

Киевде сүрөткө түшүү үчүн пайдаланылган маймыл

Кубалык Феликс Гуирола 2012-жылы өз колунан чыккан дүйнөдөгү эң бийик (5,4 метр) велосипеди менен Гавананын көчөсүнөн кетип баратат

Кудайга акарат келтирди делген Жакартанын губернатору Басука Чахай Пурнаманын иши каралып жаткан сот имараты курчоого алынды

Американын Юта штатындагы жапайы жылкыларды камалоо

Германиянын Гамбург шаарындагы Эльб филармониясынын ачылышы

Филиппиндер борбору Манила шаарындагы диний жөрөлгө өтүп жаткан учур

АКШ президенти Барак Обама вице-президент Жо Байденге өлкөнүн жогорку наамдарынын бири болгон Эркиндик медалын тапшырды

Аяз кыздардын жүрүшү

Канадалык актер Райан Гослинг менен америкалык актриса Эмма Стоун "Ла-ла-ленд" мюзиклиндеги башкы ролдору үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болушту. Иш-чара Лос-Анжелесте өттү

Детройттогу автосалондо Alfa Romeo Giulia автоунаасынын жанында турган бийкеч