БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда "Эң мыкты китепкана", "Эң начар китепкана" аттуу республикалык кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Республикалык сынактын жыйынтыгында калыстар тобу мыкты китепканаларды аныктады.
"Мыкты китепканалардын катарына Баткен облусунун Бужум айылынын китепканасы баш болуп, Жалал-Абад облусунун китепканасы, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн китепканасы, Нарындын Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы китепкана, Ош облусунун Токтогул Сатылганов атындагы китепканасы, Талас облусунун аман Токтогулов атындагы китепканасы жана Чүй облустук китепканасы киргизилген", — деп жазылат маалыматта.
Кароо-сынакка жалпысынан 1061 китепкана катышкан.