БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Украинадагы Львов галереясында 10 миллион долларлык китептер жоголду. Бул тууралуу РИА Новости "Zaxid.net" гезитине шилтеме кылуу менен жазып чыкты.
Галереянын директору Тарас Возняктын айтымында, учурда бул факты боюнча полицияга арыз жазылды.
"Азыр жоголгон китептерди такташтырып жатабыз. Китептер 10 жылдап акырындан жоголо берген окшойт. Чет тилдеги китептерди карай элекпиз, алар импорт үчүн абдан кызык", — деди Возняк.
Ал алдын ала маалыматтар боюнча 95 китеп жоголгонун кошумчалады.