https://sputnik.kg/20170104/kytajda-baldar-zharakat-aldy-1031114189.html
Кытайда куралчан киши бала бакчага кол салып, 11 наристе жаракат алды
Кытайда куралчан киши бала бакчага кол салып, 11 наристе жаракат алды
Sputnik Кыргызстан
Балдарга бычак ала чуркаган жаран кармалды. Азырынча кылмыштын себептери белгисиз. 04.01.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-01-04T18:37+0600
2017-01-04T18:37+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103111/42/1031114288_0:423:4400:2912_1920x0_80_0_0_34e45fbbb8663b99e9ddb6296263435a.jpg
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103111/42/1031114288_0:233:4400:3000_1920x0_80_0_0_e6ab211629b7662ce3f30d79519101f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, азия, басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, жаңылыктар, кытай
окуялар, азия, басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, жаңылыктар, кытай
Кытайда куралчан киши бала бакчага кол салып, 11 наристе жаракат алды
18:37 04.01.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Балдарга бычак ала чуркаган жаран кармалды. Азырынча кылмыштын себептери белгисиз.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кытайдагы Гуанси-Чжуанск автономдуу районунда бычак менен куралданган киши бала бакчадагы 11 баланы жарадар кылды. Бул тууралуу РИА Новости CCTV телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Окуя Пинсян шаарындагы бала бакчада саат 15.30дар чамасында (Бишкек убактысы боюнча 13.30) болгон. Кылмышкер тартип сакчылары тарабынан кармалган.
Маалыматка караганда, беш бала оор жаракат алган. Учурда балдар ооруканада. Алардын өмүрү коркунучта эмес экени белгиленген.
Учурда полиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Балдарга кол салууга эмне себеп болгону азырынча тактала элек.