БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы "Ника" сыйлыгына, ал эми "Курманжан датка" тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз, сценарийдин автору Бакытбек Турдубаев, оператор-постановщик Мурат Алиев жана актрисалар Назира Мамбетова менен Элина Абай кызы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-декабрь күнү, Кинематографисттер союзунун жыйыны өтүп, анда бул жылы өзгөчөлөнгөн адамдарды жана тасмаларды сыйлыкка көрсөтүү чечими кабыл алынды.
Мындан сырткары, жыйында Кинематографисттер союзунун 55 жылдыгына карата 2017-жылдын октябрь айында КМШ кинематографисттеринин форумун өткөрүү чечими кабыл алынды.