Жумгалда кар көчкү койчуну басып калды

© Sputnik / Д. Чернов / Медиабанкка өтүүНа снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе
На снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабырлануучунун аты-жөнү, кар көчкүнүн көлөмү такталып жатат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Нарындын Жумгал районундагы Кара-Дөбө кыштоосунда тоо бетинен түшкөн кар көчкү чабанды басып калганын ӨКМ билдирди.

Бишкектин 7-кичи районундагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айттырбай келген тилсиз жоо. 66 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыктары
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-декабрь күнү саат түш ченде болгон. Жабырлануучу ал жерде кой кайтарып жүргөнү айтылды.

Жергиликтүү тургундар кечке чейин издөө иштерин жүргүзүп, андан жыйынтык чыккан эмес. Кырсык тууралуу билдирүү ӨКМдин Жумгал районук бөлүмүнө кечинде маалымдалган. Учурда жабырлануучунун аты-жөнү, кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

ӨКМ издөө иштери бүгүн да улантыларын айтып, кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0