БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Нарындын Жумгал районундагы Кара-Дөбө кыштоосунда кар көчкү астында калган чабандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Кырсык кечээ, 28-декабрь күнү саат түш ченде болгон. Жабырлануучу ал жерде кой кайтарып жүргөнү айтылган.
"Көчкү 44 жаштагы чабанды басып калган. Анын денеси бүгүн эртең менен туугандары тарабынан табылды" — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине куткаруучулар дагы катышкан.