БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 31-декабрда борбордук аянттын аймагындагы Чүй, Киев жана Абдымомунов көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматынын өкүлү Таалайбек Бугубаев билдирди.
Бугубаевдин айтымында, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймагы эртең мененки саат 8:00дөн 1-январга чейин тосулат. Ал жерден автоунаалар өтө албайт.
Ошондой эле Абдымомунов көчөсүнүн аймагындагы эски аянт жайгашкан Раззаков жана Орозбеков көчөсүнө чейинки тилке айдочуулар үчүн жабылат.
"Киев көчөсү Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жабылат. Ал көчө автобус жана троллейбустар үчүн гана ачык болот, ал эми маршрутканын өтүүсүнө тыюу салынат. Абдымомунов жана Киев көчөлөрү саат 17:00дөн майрамдык иш-чаралар бүткөнгө чейин тосулат", — деди Бугубаев.
Кайгуул милиция башкармалыгы айдоочулардан жол кыймыл эрежелерди сактоо жана жолдо сак болууну өтүнөт.