БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Өлүм менен өмүр катарлаш жүрөт экен. Узап бара жаткан маймыл жылы кыргыздын адабияты менен маданиятынын өнүгүшүнө салымын кошкон инсандар, коомдук ишмерлер, алардын сырткары четте иштеп жүргөн мигрант кыз-келиндерибиз тобу менен каза болду. Өкүнүчтүү көрүнүш — мигранттык кылып, Россияга бала бакканы кеткен 13 жашар өспүрүмдүн өзү эмес, сөөгү келди. Алардын элесин эскерүү максатында төмөнкү материалды сунуштайбыз.
![Кыргыз эл Баатыры, народный поэт Кыргызстана Сооронбай Жусуев Кыргыз эл Баатыры, народный поэт Кыргызстана Сооронбай Жусуев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101510/18/1015101893_0:0:2832:4256_600x0_80_0_0_4b8501a105379236d5a921f5eb57393d.jpg)
4-февралда Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында каза болду. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, "Ак шумкар" белгисинин ээси болгон.
![Председатель Республиканского Совета ветеранов войны Тарас Токомбаев во время визита к президенту КР Председатель Республиканского Совета ветеранов войны Тарас Токомбаев во время визита к президенту КР - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102230/42/1022304206_0:0:1000:813_600x0_80_0_0_768c3eaa2c4cd6a9e9c2d303e1242acf.jpg)
9-февралда Кыргызстандын согуш жана ооруктун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев дүйнө салды. Ал кыргыздын атактуу акыны Аалы Токомбаевдин уулу болчу.
![Пропажа девочки из КР в Екатеринбурге Пропажа девочки из КР в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102193/93/1021939313_0:0:800:954_600x0_80_0_0_100af1a7a7d0530669869852e8207626.jpg)
7-апрелде Екатеринбургда дайынсыз жоголуп кетип, денеси шаардын автобекетинен табылган 13 жаштагы Айганыштын сөөгү кичи мекенине алып келинип, Мырза-Аке айылында жерге берилди.
![Журналист, поэт и переводчик Жолдошбек Зарлыкбеков Журналист, поэт и переводчик Жолдошбек Зарлыкбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102515/08/1025150861_0:0:1331:1998_600x0_80_0_0_b21aef6d78bab918e2c6fc65b25e7cb1.jpg)
10-майда журналист, акын жана котормочу Жолдошбек Зарлыкбеков узакка созулган оорудан ооруканадан дүйнөдөн кайтты.
![Писатель и сценарист Талип Ибраимов Писатель и сценарист Талип Ибраимов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103102/05/1031020511_0:0:2000:1334_600x0_80_0_0_3727d838b2b0b634a099781ca255049a.jpg)
25-майда айыкпас дарттан белгилүү сценарист жана жазуучу Талип Ибраимов көз жумду. Ал акыркы мезгилдери Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын башкы редакторлугун аркалап келген.
14-июнда айтылуу Кожожаш мергендин Зулайкасынын ролун жараткан таланттуу актриса Гүлнара Кадралиева каза тапты. Актриса 55 жашка чыккан.
![Народный художник республики Турсунбек Койчиев Народный художник республики Турсунбек Койчиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102726/12/1027261212_0:0:1000:1456_600x0_80_0_0_915826c93fc01d27cc0508da4e52f546.jpg)
1-июлда Кыргыз эл сүрөтчүсү, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Турсунбек Койчиев көз жумду. 75 жаштагы художник өмүрүнүн акыркы мезгилдери ооруп жаткан.
![Выдающийся тренер, мастер спорта СССР по дзюдо Турсун Курбанов Выдающийся тренер, мастер спорта СССР по дзюдо Турсун Курбанов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102727/84/1027278448_0:0:680:946_600x0_80_0_0_9a2f019c55d8d1e50e00f94e078c349f.jpg)
3-июлда дзюдо боюнча "Кодокан" спорт клубунун директору Турсун Курбанов 48 жашында каза тапты. Ал спорттун аталган түрү боюнча СССРдин чебери жана тажрыйбалуу машыктыруучу болгон.
![Панихида народного поэта и героя КР Суйунбая Эралиева Панихида народного поэта и героя КР Суйунбая Эралиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102782/71/1027827120_0:0:1620:1080_600x0_80_0_0_61fd8ae9fec20a8ea914dcac015fdb63.jpg)
16-июлда Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сүйүнбай Эралиев 95 жашында дүйнө салды.
![Народный артист КР балетмейстер Берик Алимбаев Народный артист КР балетмейстер Берик Алимбаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102794/90/1027949040_0:0:1439:1994_600x0_80_0_0_6aeffdfd315c7b9bdc2d1991049e58c5.jpg)
21-июлда Кыргыз эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев 79 жашында каза болду. Ал классикалык жана улуттук спектаклдердеги негизги партиялардын баарын аткарган. Алардын катарында "Ак куулар көлү", "Жизель", "Ромео жана Жульетта" жана башкалар бар эле.
![В мастерской Горпроекта №1 города Фрунзе В мастерской Горпроекта №1 города Фрунзе - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102874/98/1028749806_0:0:2782:2048_600x0_80_0_0_a54b50d2b939231d314d1f83661cf174.jpg)
24-авустта Кыргызстандын эмгек сиңирген архитектору Аскар Исаев 85 жашында көз жумду. Бул адам Ак үйдүн жана борбордук куранттын долбоорун түзгөн.
![Экс-депутат Торобеков Нурлан Экс-депутат Торобеков Нурлан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102059/30/1020593084_0:0:3172:2196_600x0_80_0_0_87d6f2f2dc2e1dfc5bfc790e70a1ab8e.jpg)
25-августта экс-депутат Нурлан Төрөбеков каза болду. Депутат кесиптештери ал акыркы күндөрү ооруп жүргөндүгүн айтышты. Афганистандагы согушка катышып, Кыргызстандагы афганчы жоокерлердин бирикмесин жетектеп келген.
27-августта Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратында жайгашкан басмакананын кампасында чыккан өрттөн 14 кыргызстандык кыз-келин каза болду. Москвадагы бул тилсиз жоо жалпысынан 17 кишинин өмүрүн алып кетти.
![Депутат Жогорку Кенеша V созыва Эркин Алымбеков Депутат Жогорку Кенеша V созыва Эркин Алымбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102882/85/1028828576_0:0:1200:860_600x0_80_0_0_e164af8cf35d522db81b106c8c63b864.jpg)
29-августта мурдагы депутат Эркин Алымбеков көз жумду. Ал Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты эле.
17-октябрда белгилүү ырчы, обончу, телережиссер Нурлан Тиллебаев каза тапты. КТРКда режиссерлук кесипти аркалап, кыргыз элине гитаранын коштоосундагы ырлары менен таанылган талант көптөн бери төшөк тартып калган.