БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Белгилүү ырчы, обончу, телережиссер Нурлан Тиллебаев бүгүн таңга маал көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү туулуп-өскөн Баткен районунун Самаркандек айылына коюлат. Жакындарынын айтымында, Тиллебаев жолдо каза болгон.
Белгилүү өнөрпоз КТРКда режиссерлук кесипти аркалап, кыргыз элине 90-жылдардын башында гитаранын коштоосундагы ырлары менен таанылган.
Акыркы кездери ооруп жүргөн Тиллебаевге социалдык тармактын колдонуучулары жана кесиптештери акция уюштуруп, каражат жактан жардам беришкен.