БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев 79 жашында каза болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Алимбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-июлда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында саат 10.00дө өтөт.
© Фото / пресс-служба Минкультуры КРКыргыз эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев
Кыргыз эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Ал 1936-жылы 30-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1947-жылга чейин Фрунзедеги балдар үйүндө тарбияланган. Кийин аны Ленинград шаарына хореографиялык училищеге окууга жиберишкен.
Ал классикалык жана улуттук спектаклдердеги негизги партиялардын баарын аткарган. Алардын катарында "Ак куулар көлү", "Жизель", "Ромео и Жульетта" жана башкалар бар.
1967-жылы Фрунзе шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Ушул эле жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык училищеде классикалык бий боюнча мугалим болгон.
2006-жылы Кыргыз Эл артисти наамын алган.