Тарас Токомбаев 1930-жылы 5-июлда Москва шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. Полковник. Өмүр бою чек ара кызматында иштеген.
Билими
1948-жылы Москвадагы Автожолдор боюнча институтка тапшырган.
Бир нече жылдан кийин Алма-Ата шаарындагы чек арачылардын аскердик училищесине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолу
- 1965-1971 — Чек ара боюнча аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн;
- 1971 — Борбордук Комитеттин алдындагы ДОСААФтын жетекчиси;
- 1987-2002 — "Эскерүү китебинин" редколлегиясынын жетекчисинин орун басары жана жооптуу катчысы;
- 1995 — Кыргызстан согуш ардагерлер уюмунун жетекчисинин орун басары;
- 2001 — КРдин Согуштун жана ооруктун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы;
- 2003 — "Эскерүү китебинин" редколлегиясныны жетекчиси;
Сыйлыктары
"Кызыл Жылдыз" орденинин, Даңк медалынын жана бир нече Ардак грамоталардын ээси.