Кожожаштын Зулайкасы каза болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын кинематография департаментинин расмий сайтынан тартылган кадр. Актриса Гүлнара Кадралиева.
Кыргыз Республикасынын кинематография департаментинин расмий сайтынан тартылган кадр. Актриса Гүлнара Кадралиева. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актриса Гүлнара Кадралиева 55 жашында көз жумду.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Айтылуу Кожожаш мергендин Зулайкасынын ролун жараткан таланттуу актриса Гүлнара Кадралиева каза болду. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Легендарлуу мушкер Мухаммед Али. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мухаммед Алинин табытын акыркы жайга Уилл Смит менен Леннокс Льюис көтөрүп барат
Маалыматка ылайык, сахна жана кино чебери бүгүн 55 жашында көз жумган. 

Кадралиева 1961-жылы Сокулукта төрөлүп, 1982-жылы ВГИКтеги Алексей Баталовдун актердук өнөрканасын аяктаган. Кыргызстанга келгенден кийин теле жана радиоберүү боюнча мамлекеттик комитетте, Ысык-Көл облустук драма театрында, "Кыргызфильмде" иштеген. 

Эң эле белгилүү образы — Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы Кожожаш мергендин жубайы Зулайканын ролу. Мындан тышкары, бир катар тасмага тартылып, спектаклдерде ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0