00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Что такое политический конфликт и чем он отличается от других - беседа с экспертом
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
15:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
В музее Фрунзе открыли выставку об Уркуе Салиевой - почему это важно
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран-АКШ-Изралиь согушу: Мунай баасынын өсүшүнөн ким көп жабыркайт?
17:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что такое система СПОТ и каковы последствия ее запуска для ЕАЭС
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
20:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
21:05
32 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жунусов: элчини өлтүргөн жигит тапанчасын кайра октогуча качып кеттик

© REUTERS / Ugur Kavas Посол России в Турции Андрей Карлов во время открытия фотовыставки в Анкаре
Посол России в Турции Андрей Карлов во время открытия фотовыставки в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган.
Жунусов: элчини өлтүргөн жигит тапанчасынын огун алмаштырып жатканда качып кеттик

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Анкаранын борбордук бөлүгүндөгү маданият борборунда Россиянын элчиси Андрей Карловго ок чыгарган учур тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кенен айтып берди.

Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган

Жунусов бул көргөзмөгө Россиянын элчисинин чакыруусу менен барганын билдирди.

Вооруженный мужчина рядом с телом посла России в Турции Андрея Карлова в галерее в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы орус элчисинин өлтүрүлүшүн кескин сынга алды
"Ал жерге Андрей Карлов, мен жана Өзбекстандын элчиси бардык. Биздин артыбызда башка эч ким жок болчу. Бир маалда атайын кийим кийген киши келип артыбызга туруп калды. Башында мен "бул бала эмнеге жалгыз туруп алды" деп өзүмчө карап жаттым. Жакын келгенде карасам төшүндө белги бар экен. Анан коопсуздукту караган кызматкер окшойт деп койдум. Мен аны эки-үч жолу карадым, бала менен тиктешип да калдым. Россиянын элчиси бардыгы менен саламдашып баштаганда эле ал ок чыгарды. Окуя менин көз алдымда, үч метрдей эле ары жакта болгондуктан бардыгын көрүп турдум. Тапанчанын акыркы огу атылып, затвору чыгып кеткенде 20-30 адам болуп залдан чыгып кеткенге үлгүрдүк", — деп элчи көргөндөрүн сүрөттөп берди.

Жунусов элчиге ок чыгарган жаран залдагылардын баарына "жерге жаткыла" деп буюруп, "Аллах акбар" деп кыйкырганын кошумчалады.

"Жерге жаткыла, ким башын көтөрсө атып өлтүрөм деди. Баарыбыз жаттык. Биздин бутубуздун жанына чейин келип жатты. Залда жүздөн ашык киши бар эле", — деди элчи.

Окуя болгондон кийин элчиге КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чалып, коопсуздукту күчөтүү боюнча тапшырма бергенин белгиледи.

Жунусов андан сырткары, учурда элчиликтин имаратынын коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0